• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ар бир адам эмгек аркылуу өзүн-өзү көрсөтө алат - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды 1-Май Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Куттуктоонун текстин толугу менен келтиребиз:

“Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан 1-Май Эмгекчилердин эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Бул майрамдын тарыхы бизди XIX кылымдарга, бүткүл дүйнө боюнча эмгекчилердин укугун коргоо боюнча кыймылдын башталышына алып барып такайт. Көптөгөн ондогон жылдар бою 1-Май жаркыраган жаздын жана эмгектин майрамы болуп келген жана кала берет. Эмгектин баркын-баасын билген жана анын үзүрү менен сыймыктанган бардык адамдар үчүн бул күн чоң майрам.

Азыркы динамикалуу өнүгүп бараткан доордо адамзаттын эмгеги илимий-техникалык прогресстин негизи, дүйнөлүк илимде, маданиятта жана экономикада кыймылдаткыч күч болуп кала берет.

2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасынын “Биримдик, ишеним, жаратмандык” өнүктүрүү программасында белгиленген эң башкы артыкчылык – адам. Ар бир адам эмгек аркылуу өзүн-өзү көрсөтө алат, ийгиликке жана бакубатчылыкка жетишет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын адамдык капиталы глобалдуу деңгээлде эң чоң атаандашуучу артыкчылык болуп калды. Өлкөнүн туруктуулугунун жана өнүгүүсүнүн өзөгү кыргызстандыктар болуп саналат.
Мамлекет жарандык биримдикти, адеп-ахлактуулукту жана баалуулук башаттарга кайрылууну жана Кыргызстандын бүт элинин маданий-тарыхый мурасынын кайра жаралышын биринчи негиз катары койгон прогрессивдүү саясатты активдүү ишке ашырууда.

Айрыкча бул максаттарды ишке ашырууда биз зарыл болгон билимге, квалификацияга ээ болгон жана дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүүнү көздөгөн жаштарга чоң ишеним артабыз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү дайыма эмгекчилердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчыларын коргойт, өлкөнүн иштерман калкынын, иштеген жерине карабастан, күжүрмөн эмгеги жана жаратмандыгы татыктуу бааланышына кам көрөт.

Айрыкча мекенибиздин түптөлүшүнө, азыркы коомдун жыргалчылыгы үчүн пайдубал түптөп, экономиканын ар түрдүү тармактарында, ишканаларында берилүү менен ак кызмат кылган эмгек ардагерлерине өзгөчө алкышымды билдирем.

Урматтуу эмгекчилер!

Жаркыраган жаздын май майрамында баарыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай жана ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.

Майрамыңыздар менен, мекендештер!”

Пикир

Оставить комментарий