• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот – президент

Президент 0

Бишкек, 23.05.19. /Кабар/. Ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот , - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан "Аймактар үчүн Таза суу" форумунун жүрүшүндө.

Мамлекет башчысы билдиргендей, өлкөнүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири. Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү.

"Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо - приоритетүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду", - деди Жээнбеков.

Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат.

Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны - кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат.

Мындан тышкары, ЕБРР, ЕС жана Швейцария Өкмөтү тарабынан 2019 - жылдан баштап, шаарлардан тышкары, айыл жерине да инвестиция тартуу жаӊыдан башталганы турат.

"Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат. Былтыр 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду. Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда", - деди ал.

Президент билдиргендей, таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат. Былтыр 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттардын жардамы аркылуу таза суу менен камсыз болду.

Жакынкы беш жылдын ичинде өлкөбүздүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул маселени чечүүдө Эл аралык институттардын колдоосунан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.

"Бүгүнкү форумга баардык областын жетекчилерин, шаарлардын мэрлерин жана Суу чарба муниципалдык ишканалардын жетекчилерин атайын чакырдык. Мен жогоруда айткандай, Улуттук стратегияда таза суу маселеси приоритетүү тармактардын бири болуп аныкталды. Ошондуктан ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот", - деди С.Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий