• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ар бир алтынчы студент мугалимдик кесипти тандайт

Коом 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Ар бир алтынчы студент мугалимдик кесипти тандайт, - деп билдирет КР Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылы республиканын билим берүү чөйрөсүндө өлкөнүн калкынын 9 пайызга жакыны эмгектенген.

"Азыркы убакта Кыргызстанда 4 миңден ашуун мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары иштейт. Алардагы 1,7 млн. тарбиялануучуларды, окуучуларды жана студенттерди тарбиялоону жана билим берүүнү 108 миңге жакын педагогдор камсыз кылат", - деп айтылат билдирүүдө.

2018/2019-окуу жылынын башында республикада 2 265 күндүзгү жалпы билим берүүчү уюмдар иштеген.

Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдардын кесиби катары эсептелет. Мектептерде аял мугалимдердин пайызы эркек мугалимдерге караганда кыйла жогору. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин жалпы санынын 85 пайызын аялдар түзөт, алардын 28 пайыздан ашыгы директордун жана директордун орун басарынын кызматын аркалашат.

"Педагогикалык курамдын кесиптик деңгээли жетишээрлик жогору. Маселен, 2018/2019-окуу жылынын башына карата мугалимдердин жалпы санынын 87 пайыздан ашууну жогорку билимге ээ болгон. Мугалимдердин жүктөмдөрүнүн деңгээли мектептерде жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Мында, шаардык жана айылдык мектептердин мугалимдеринин жүктөмү кыйла айырмаланат. Эгерде шаардык мектептерде бир мугалимге орточо 20 окуучу туура келсе, ал эми айылдык мектептерде орто эсеп менен 15 окуучу туура келет", - деп кошумчалашты ведомстводон.

Республиканын жогорку кесиптик окуу жайларында ар бир алтынчы студент педагогдук кесипти тандаган. 2018/2019-окуу жылында республикадагы бардык жогорку билим берүү жайлары тарабынан 5 миңден ашык келечектеги педагогикалык кызматкерлер бүтүп чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий