• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ар бир бала бактылуу жашоого татыктуу - Өкмөт башчы

Өкмөт 0

Бишкек, 01.06.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Куттуктоонун текстин төмөндө келтиребиз:

«Кымбаттуу кичинекей достор!

Баарыңарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атыман 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Балалык ар бир адамдын эсинде бейкапар, бактылуу күндөр жана ийгиликтин алгачкы үзүрлөрү катары сакталып калат. Баланын жүзүндөгү дүйнөгө караган баёо көз карашы чоңдорду алардын ишенимин актоого жана мээримдүү болууга түртөт. Ар бир бала бактылуу жашоого татыктуу, ар бир үйдө баланын күлкүсү жаңырууга тийиш.

Балдар – биздин байлыгыбыз жана өлкөнүн келечеги. Балдардын толук кандуу шайкеш өнүгүүсү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү, билим-тарбия алуу укугун камсыздоо – өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты. Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн ар бирибиз жоопкерчиликтүүбүз!

Кичинекей мекендештерим!

Баарыңарга бекем ден соолук, бактылуу балалык жана жаркын келечек каалайм.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.Д.Абылгазиев».

Пикир

Оставить комментарий