• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ар бир cаясатчы өзү тууралуу жалган маалымат чыккан учурга туш болот - Жаманкулов

Коом 0

Бишкек, 29.08.19. /Кабар/. Ар бир аткаминер өзү тууралуу жалган маалымат чыккан учурга туш болот. Бул тууралуу "Кыргызстанда жалган маалыматтардын таралышы" аталышындагы тегерек үстөлдө маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, ал, чиновник катары өзү тууралуу жалган маалыматтар чыккан учурларга туш болгон. Ага мисал катары, цирк директорун дайындоонун айланасындагы чыр-чатакты айтууга болот.

"Ал убакта жалган маалыматтарды жайылткан жасалма боттор көбөйүп кеткен. Негизинен, мамлекеттик мекемелерде иштеген ар бир саясатчы мындай жагдайга күн сайын туш болот. Адамды ишендире турган жалган маалыматты жайылтыш үчүн жасалма ботторду колдонгон ар кандай күчтөр бар", - деди Жаманкулов.

Министр белгилегендей, андай учурга кабылганда жалган маалыматтарды төгүндөөгө аракет кылып келет.

Пикир

Оставить комментарий