• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө ата мекендик алтын сакталып турушу керек – Акылбек Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 15.02.22. /Кабар/. Ар бир кыргыз үй-бүлөсүндө ата кемендик алтын сакталып турушу керек. Бул тууралуу маалымат жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

“Бүгүнкү күндө “Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтын Кыргызстандан чыгарылбайт, биз аны өзүбүз сатабыз. Буга министрлер кабинетинин, Улуттук банктын жана башка банкттардын мүмкүнчүлүгү жетет”, - деди ал.

Анын айтымында, ар бир кыргыздын үй-бүлөсүндө ата мекендик алтын сакталып турушу керек.

“Биз бул жылы калк ата мекендик алтынды алса болот деп пландап жатабыз. Ар бир үй-бүлөдө ата мекендик алтын сакталып турушу керек. Азыр “Бир жылкы” аталышындагы 1 миң долларлык алтын тыйынын чыгарууну көздөп жатабыз. Ошондой эле биз эл сатып алуусу үчүн 1 граммдан 10 килограммга чейинки алтын куймаларын чыгарабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий