• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ар бир район өз бренддерин иштеп чыгуулары керек – Өкмөт башчы

Аймак 0

Бишкек, 06.07.18. /Кабар/. Ар бир район, керек болсо ар бир айыл кыргыз элинин өзгөчө маданиятын жайылтуу максатында өз бренддерин иштеп чыгуулары керек. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 6-июлда, Ысык-Көл облусу боюнча эки күндүк жумушчу сапарынын алкагындагы атамекендик туризмди өнүктүрүү жана жайкы туристтик мезгилди уюштуруу маселелери боюнча көчмө жумушчу кеңешменин жүрүшүндө.

Абылгазиев Өкмөт келечекте өлкө ИДПсындагы туризмдин үлүшүн 20%га чейин жеткирүүнү пландап жатканын кошумчалады.

«Бүгүн Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнүн демилгечиси катары аларды эл аралык брендге айлантуунун алдында турат. Оюндарды өткөрүү туризмди өнүктүрүү жана өлкөнү эл аралык деңгээлге алып чыгуу үчүн зор өбөлгө түзөт. Мен бардыгыңыздарды туризмди өнүктүрүүгө салым кошууга чакырам, бул атамекендик экономиканын динамикалуу өнүгүүсүн камсыздайт», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кеңешменин жүрүшүндө Премьер-министр жана министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн өкүлдөрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Белгилей кетсек, кеңешмеге КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, КР вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, өлкө аймактарынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилери катышышты.

Пикир

Оставить комментарий