• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Ар бир сантиметр жер үчүн кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек". Садыр Жапаровдун кезектеги маеги

Президент 1

Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү, чек ара маселесине байланыштуу айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Алгачкы эле суроом БУУдагы сөзүңүзгө байланыштуу. Жогорку трибунада сүйлөгөн сөзүңүз коомчулук тарабынан аябай жылуу кабыл алынды. Тажик тарапты ачык эле агрессор деп атадыңыз. Ушул ассамблеянын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзүңүздүн текстин ким жазды? Спичрайтерлерби, дипломаттарбы же өзүңүзбү? Коомчулукта бирөөлөр жазып берди да деген сөздөр да болуп жатат?

БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын «Жети өлчөп, бир кеспесем» болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе.

— Кандай болсо да, бул сөзүңүз улутту бириктирүүчү мааниге ээ болду десем жаңылышпайм. Ал турсун мурда-кийин сындап жүргөндөр дагы кубаттап, алкап атышты. Эл кадимкидей бир муштумга бириккени көрүндү. Эми ушул биримдикти мындан ары дагы кармап калуу мүмкүнбү? Катуу сындап жүргөндөр да, адатта Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иши саясий негизде козголду дешкен Ош коогалаңы боюнча жоопко тартылып жатышкан убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн тарапкерлери да сизди колдошту. Саясий иш дегендерди жаап салып, түрмөдө жаткан Атамбаевди бошотуп салсаңыз болобу?

— Ушул саясий иш дегендердин баары мен бийлик башына келгенге чейин болгон иштер. Асты 12 жыл, арты 3 жылдан ашкан иштер. Мен сотторго: “Күнөөлүүбү соттогула. Күнөөсү жокпу актагыла. Мурдагыдай сот иштерин Ак үй көзөмөлгө алып турат деген болбосун”,- деп дайыма айтып келем. Соттор ишин так аткарып жатышат. Мисалы, кечээ жакында эле Октябрь окуясы, Калыс-Ордодогу мектеп, түрк жарандарына мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча Атамбаевди сот толук актап жиберди го. Эмнеге муну көрбөйсүңөр. Соттоп жиберсе, анда дагы “саясий негизде соттоп жиберди” деп чыкмаксыңар. Актап жиберсе, бирөө дагы «адилет чечим болду» деп айтып чыккан жок. Калыс болуш керек да. 12 жылдан бери «Ош коогалаңы боюнча чекит коюп бергиле» деген элдин талабы бар. Прокуратура тергеп туруп, сотко жиберди. Сот чекитти койсун. Күнөөлүүлөр жазасын алсын, күнөөсүздөр акталып чыгышсын. Биз соттун ишине кийлигишпейбиз. Биз кийлигишпеген үчүн кечээки иштери боюнча акталышты.

Ал эми «Атамбаевди бошотуп ийбейсизби» деген сурооңуз боюнча:

Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим.

Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.

— Биздин Куралдуу күчтөрдүн абалы, даярдыгы кандай? Кудай сактасын, тыштан агрессия болуп калса, алардын чабуулунун мизин кайтарганга күч жетеби? Жетет десеңиз, анда буга чейин эмнеге биздин айылдарга чейин тебелеп-тепсеп, аралап кирип келишти?

— Билесизби, чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер дагы тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. 10 танкасы болсо, экөө от алат. Анда дагы беш чакырымга жетпей өчүп калышты. Калганы жүрмөк түгүл, от албайт. 70-80-жылкы танкалар, аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок. Эмнесин айтайын, мына ушундай итке минген армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче, акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. «Итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз.

Ал эми “биздин айылдарды тебелеп кетти” деген сөзүңүзгө жооп берейин. Тажикстан менен Кыргызстандын чек араларындагы айылдарда үйлөр шахматтын бетиндей болуп жайгашып калган. Союз чачыраганы биздин элдерибиз үйлөрүн сатып, Бишкекке же Россияга мигрант болуп кетишкен. Биз жакка алардын чабуулу башталганда ошол шахмат бетиндей болуп калган айылдарда жашаган калкыбызды былтыркыдай болбосун деп эвакуация кылып кеттик. Айыл бош калды. Алар бош калган үйлөрдү өрттөп, мектепке желегин илишти. Бирок кийин жооп катары сокку уруп, баарын бошотуп, кууп чыктык.

— Сиз 17 жыл мурун, биринчи жолу депутат болуп келгенде Жогорку Кеңеште чек ара маселесине жаныңыз күйүп, кийин кеч болуп калат деп чырылдап өтө эмоционалдуу түрдө көзү ачыктай эле билдирүү жасаптырсыз. Эми чек ара маселеси кандай болот? Сиз миллиарддаган акчаларды талап кылат деген экенсиз. Ал кезде президент Курманбек Бакиевге сунуштарды бериптирсиз. Азыр ошончо көп акча керекпи? Чек ара маселеси кантип чечилет? Же талаш жерлерди алар айткандай кылып берип салабызбы? Мүмкүн ошону менен талаш-тартыш да токтойт, курмандыктардын алдын алабыз (айла кеткенде айткан сөз да)

— 17 жыл мурун мен маселе көтөргөндө азыркы шахмат бетиндей болуп жайгашып калган үйлөрдү акырындап сатып алышып, уламдан улам бери жылып келе жатышканын көрүп айткам. Бирок ал кезде мени эч ким уккан эмес. Мен көзү ачык эмесмин. Терең ойлонгон адамга азыркы күнү болуп жаткан окуяларды талдап туруп эле 10-15 жылдан кийин кандай болоорун туюп-билип койсоң болот. «Кумтөр» темасын көтөргөндө деле ошол жылдары бизге өтпөсүнө көзүм жеткен. Анткени мафия күчтүү эле. Бирок 10-15 жылдан кийин акыры бизге өтөөрүн ошондо эле көргөм. Курманбек Бакиевге чек ара маселеси менен эле эмес, “Ошту убактылуу борбор кылып, чек ара маселелери чечилгенге чейин президент, өкмөт, парламент баш болуп беш-алты жыл ошол жакка барып иштеп туралы” деген сунуш айткам. Бул сунушумду парламентте да көтөргөм. Ошондо мени түндүктүк туугандар «түштүктүктөргө жагынып атат» деп жаман көрүшкөн. Бирок менин максатым ал кезде түштүктүктөргө жагыш керек эмес эле. Жалпы мамлекетибиздеги проблема алдын ала чечилсе деген ой-максатым бар болчу. Ошондо Курманбек Бакиев: «Садыр, мен өзүм түштүктөн болсом, Акаевдин ордуна келип олтурсам, анан борборду Ошко көчүрүп кетсем, түндүктүктөр туура эмес түшүнүшөт, бул маселени көтөрбөй эле койчу, суранам», - деп болбой койгон.

Ал эми талаш жерлерди берип эле салып маселени чечип салбайсызбы деген сурооңузга:

Мен мурдагылардай жерлерибизди бере салып эле маселе чечип салгыдай, аттарын атагандан да жийиркенип турам, саткын эмесмин. Тескерисинче, алар берип жиберген жерлерди кайра алып жатабыз. Жакында кайсыл жерлер кайтарылганы ачыкка чыгат.

Ар бир сантиметр жер үчүн ар бирибиз кашык каныбыз калганча күрөшүүбүз керек.

Кыргызстандын жерлери сен экөөбүздүн менчик жерлерибиз эмес. «Ме» деп эле кармата салгыдай. Бул жерлерибиз үчүн ата-бабаларыбыз дагы канын, жанын аяган эмес. Биз дагы аябайбыз. Келечек муун дагы аябаш керек. Анткени биз ата-бабалардан ар бир карыш жерди келечек муунга мурас катары өткөрүп беребиз деп карызга алганбыз. Сенин да, менин да жерим эмес. Миңдеген жылдарга учугу улана турган келечектеги кыргыздардын жери.

Интернетке сиздин уулуңуз Рустам жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыкты. Ал жакка кандай максатта барышты? Депутаттар дагы аскер кийимдерин кийип Баткенде жүргөн сүрөттөрү чыккан, бул ошондой пиар эмеспи?

— Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: «Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула», - деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт.

— Баткенде акыркы окуяларда жабыркагандардын үйлөрүн калыбына келтирүү иштери кандай жүрөт? Суукта сыртта калып калышпайбы?

— Колдон келишинче тездетип бүтүрүп бергенге бардык күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы жылга чейин бүткөнгө аракет кылабыз. Каражат жетиштүү. Казынабыз куру эмес. Андан сырткары, каза болгондордун баарынын жакындарына да жардам берилет. Баарын тактап чыгып жардам беребиз. Балдарын кароосуз калтырбайбыз. Үйлөнбөй кеткендерге ата-энесине беребиз. Кыскасы баатыр балдарыбыздын эрдиги бааланбай калбайт.

— Бишкекте ар кандай талаптар менен митингдер өттү. “Бийликтин колунан келбесе, биз баралы” деген сөздөр жаңырды. Бирок, унаалар келсе, бирөө дагы отурбаптыр. Сиз катардагы жарандардын баруусунун кереги жоктугун айттыңыз. Анан ушундай талаптар менен чыккандар тууралуу тийиштүү органдар сизге маалыматтарды берип турса керек, мисалы, алар кимдердин тарапташтары, максаттары эмне дегендей?

— Эң кызыктуу суроо бердиңиз. Алар чыныгы мекенчилдер эмес. Учурдан пайдаланып өздөрүнүн арам максаттарына жетели дегендер. Эмне максаттары бар экенин баарын билебиз. Баарын тааныйбыз. Бирок тийбейбиз. Бизде демократия. Эркин сүйлөй беришсин. Бирок сөз эркиндиги деп эле жалган маалыматтарды тарата бербеши керек.

«Баткенге биз баралы» деген «жалган баатырларыбызды» өзүңүздөр көрдүңүздөр го. «Баткенге барсаң, мына сага унаа, жөнө» деп унаа коюп бергенде бирөөсү да олтурган жок. Эгер чыныгы мекенчил болсо, баатыр болсо Ак үйдүн алдына кыйкырып келбей, түз эле Баткенге кете бермек.

Учурдан пайдаланып ушундай «жалган патриотторго» айтып коеюн. Азырынча армиянын, күч түзүмдөрүнүн күч-кубаты жетиштүү. Эгер армиябыздын күчү жетпей баратса, силерди митингге чыгарып убара кылбай эле жылуу төшөктө жаткан жериңерден сууруп чыгып кетебиз. Бул – мамлекеттин толук укугу. Ошондо чыныгы мекенчил экениңер көрүнөт. Бирок Кудай ага жеткирбесин деп тилейли.

Ошону менен бирге жөнөкөй жарандарыбызга кайрылып кетейин. Агрессия башталганда «эвакуацияга чыккыла» дегенде, бириң калбай чыгып кетишиңер керек. Чек арачылар жана аскер адамдары гана калыш керек. Былтыр бизге Башкы суу бөлүштүрүүчү жайга (Головной водозабор) кол салуу болгондо, Баткенден жөнөкөй жаштарыбыз барып, таш ыргыта башташкан. «Баары кайтсын, аскер адамдарыбызга тоскоол болуп жатасыңар!», - деп буйрук бергенимде укпай коюшкан. 17 киши бир эле жерден гранатаметтун жарылуусунан каза болуп калышты. Жалаң жаш балдар.

— Көпчүлүк арасында “Президенттин айлана-чөйрөсүн тазалаш керек, ошолор артка тартып жатат” деген сөздөр бар. Айланаңызда кимдер? Алар өздөрүнүн алдындагы милдеттерин толук аткара албай жатат дегенге кошуласызбы? Кимдерди кетириш керек?

— Ушундай сөздөрдү токтотуш керек. Ким кандай иштеп жатканы президент катары мага даана көрүнүп турат. Албетте кемчиликтер бар. Бирок «Көч бара-бара түзөлөт» дейт. Иштей албаган кадрларды четинен алмаштырып жатабыз. Эскилери да бар. Ушул жерден жалпы журтчулук бир нерсени так билип коюшу керек. Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.

Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсиңер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы”, - деп айтып атам.

Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардга кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек?

“Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле”, - десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери: “Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап атасыңар?”, - деп таң калып сурап атышат.

Начар команда болсок, итке минген бойдон олтура берет элек. Мектептерди салбайт элек. Жалпы республика боюнча 37 мектеп, 3 бала бакча бүттү. Жылдын аягына чейин дагы 48 мектеп, 8 бала бакча, 1 саламаттык сактоо имараттары курулуп бүтөт, буюрса.

Жолдор асфальтталып жатат. Быйыл 600 километрге жакын жолду асфальт кылып атабыз.

Ошондуктан, «айланасын тазалаш керек» деген дежур сөздөн алыс боло тургулачы. Жаштарды алып келип койсок, тажрыйба топтогончо жөн эле эки-үч жыл убакытты жоготуп коебуз. Азыр аз-аздан ар кайсы жумуштарга тажрыйба топтошсун деп Улуттук кадрдык резервден тандап алып, жаштарды аралаштырып жатабыз. Акырындык-акырындык менен чоң кызматтарга көтөрүп, бара-бара жашартабыз.

Ооба, аймактардагы өкүлдөрдүн, жергиликтүү бийликтегилердин, анча-мынча министрлер арасында жакшы иштей албай жаткандар бар. Оңолбосо, алмаштырабыз.

Азыр баары менин көзөмөлүмдө. Ар бир кыймыл-аракетин карап, отчёт алып турам. Эл-журттан суранарым, мага ишенип, беш жыл президент кылдыңарбы, аягына чейин ишенгиле. Беш жылдан кийин жыйынтык чыгарасыңар.

Анан блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор. Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими, же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып, акыл үйрөтүшөт. Баткен боюнча канча акыл үйрөтүштү. Анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер болчу.

— Владимир Путин менен акыркы жолугушууңузда ал «Кыргызстанга техникаларды бердик» деди. Кечээ жакында эле "ӨКМге техникаларды өзүбүз сатып алдык" деген маалымат тарады эле. Ошондо өзүбүз алганыбыз калппы, түшүндүрүп ачыктап берсеңиз.

— Мен келгени Россиядан ӨКМге бир да техника ала элекпиз. Владимир Владимирович бир тик учак жана өрт өчүргүч унааларга кол коюлган, эми беребиз деген сөздү айтты. Тагыраагы, жакын арада жиберебиз деди. Анын сөзүн «недоброжелателдер» бурмалап жатышса керек. Өткөндө ӨКМге алынган бир тик учак жана башка техникалар 100 пайыз өзүбүздүн бюджеттин эсебинен сатылып алынды.

— «Алтындарыбыз уурдалып жатат» деген кеп-сөздөрдүн аягы дагы деле токтой элек. Буга эмне деп жооп бересиз?

Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге чын экен же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. Алтындын «А» тамгасын түшүнбөгөн блогер чалыштарды сөзсүз кошуп алышсын. Билип алышса, анан ар кандай сөздөр токтойт эле.

Мен айтып коеюн, тонналаган алтынды биякка коелу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз.

Андыктан, мен президент болуп турганда «алтын уурдалат» деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, бизге убакыт бөлүп, суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик каалайбыз!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев

Пикир

  • Ырысгул Нарбай кызы

    Ырысгул Нарбай кызы 1 year ago

    Саламатсызбы!
    Кыргыз Республикасынын президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке АЛБАН-АЛБАН ИЙГИЛИКТЕРДИ КААЛАЙБЫЗ!
    Кыргыз Республикасынын келечеги кең болсун!
    Ата - бабалардын жана Кудай Тааланын колдоосу түз болсун!!!

    Маекке ыраазычылык билдирем, бар болуңуздар!23.09.22.КР,Каракол.

Оставить комментарий