• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ар бир төрөлгөн бала – мамлекетибиздин баа жеткис байлыгы - И.Карамушкина

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 2-июнь /Кабар/. Жогорку Кеӊештин депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 2-майда Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылында жайгашкан "Нурани" балдар борборундагы наристелерди Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктап, белек-бечкектерин тапшырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Ирина Карамушкина балдар өлкө келечеги экенин белгилеп: "Ар бир төрөлгөн бала ата-энеси үчүн кымбат болгондой эле, мамлекетибиз үчүн да ченелгис байлык. Айрыкча, ден-соолугунан жабыркаган наристелер да коомдогу кодулоого кабылбастан, башка балдар сыяктуу эле бирдей камкордукка муктаж. Андыктан, саламаттыкты калыбына келтирүү менен, билим-тарбияны бирдей берген мындай мекемелердин ачылышын колдошубуз керек", - деди.

Ал эми мекеменин жетекчиси Нурани Касымова борборду ачууга мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды бала бакчага киргизүү оор экендиги, муну менен катар көп төлөм талап кылынары себеп болгонун билдирип: "Биз үй-бүлөбүз менен оорукчан балдары бар ата-энелерге жардам берүү жана алардын саламаттыгын жакшыртуу максатында ушул бакчаны ачканбыз. Учурда он эки кызматкер иштейт. Чет өлкөдөн да волонтерлор келип турат. Ар бир бала үчүн 6 миӊ сомдон айлык төлөм алынса, саламаттыгынан жабыркаган наристелер үчүн 5 миӊ сомдун тегерегинде төлөнөт. Буйруса, имаратыбыз кеӊейип, жардамга колун сунгандар көбөйө турган болсо, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген наристелердин баарын бекер кабыл алууну көздөп жатабыз", - деди.

Эске салсак, 2 жаштан 7 жашка чейинки наристелер менен кошо саламаттыгынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бирге тарбияланган "Нурани" балдар борбору 2015-жылы Нурани Касымованын демилгеси менен ачылган. Мекемеде учурда 50 бала бар болсо, алардын тогузунун мүмкүнчүлүгү чектелген.

Пикир

Оставить комментарий