• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ар бир жаран 15-майда аналогдук телеберүүлөр өчүрүлүп, санариптик берүүлөр иштей баштары тууралуу кабардар болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 12-апрель /Кабар/. "Ар бир жаран 2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телеберүүлөр өчүрүлүп, санариптик телевидение иштей баштары тууралу кабардар болушу керек",-деди Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев Кыргыз Республикасында санариптик форматка өтүү боюнча Мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынында. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз Республикасынын санариптик берүүгө өтүү боюнча Мамлекеттик комиссиясынын жыйынына онлайн режиминде видеоконференция байланышта Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери катышты. Алар аймактарда санариптик автоматтык телевизиондук ретрансляторлорду орнотууга бөлмөлөрдү даярдоо, санариптик телевиденияга кошулуу динамикасы тууралуу маалымат беришти.

«Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери калк арасында приставкалардын (ресивер) жана санариптик телевидениенин стандартына дал келүүчү DVB-T 2 MPEG 4 форматын колдой турган атайын антенналардын керектиги тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүшү зарыл. Өзгөчө көңүлдү приствакаларга (ресиверлерге) буруу керек, аймактарда ар бир каалаган жаран алганда жетиштүү болгондой көлөмдө жабдыктар болушу шарт. Аны менен бирге аймактрадагы эң алыскы тоолу айылдарда да санариптик телевидение жеткиликтүү болушу үчүн, санариптик телевизиондук автоматаштырылган ретрансляторлорду алуу жана орнотуу иштери улантылат», – деди Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев.

Жыйында Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова менен Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик агенттигинин төрагасы Бакыт Шаршембиев Кыргыз Республикасында 2017-жылдын апрель-май айларында санариптик телерадиоберүүгө өтүү Планынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Жыйын соңунда министрликтер менен ведомстволорго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындага №692 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү тууралуу токтомунун негизинде Программанын пункттарын аткаруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымат үчүн: 101 мамлекет анын ичинде Кыргыз Республикасы курамына кирген «Женева – 06» Планы милдеттүү түрдө санариптик берүүгө өтүүнү карайт. Андан кийин ТВ каналдардын аналогдук берүү жыштыгы Эл аралык укуктук коргоодо статусун жоготот.

Пикир

Оставить комментарий