• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ар бири $72 миң: Бишкек мэриясы жаңы автобустарды Кытайдан сатып алат

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Бишкек мэриясы газ менен жүргөн жаңы автобустарды кытайдын Zhengzhou Yutongbus Co. Ltd корпорациясынан сатып алат.

Мэриянын маалыматы боюнча, 301 млн 273,7 миң сом сунуштап тендер жеңүүчүсү деп кытайлык корпорация таанылды. Андан тышкары тендерге дагы 7 компания катышкан.

Талап боюнча, сунуштардын жалпы суммасы 382 млн сомдон ашпай, автобустар газ менен жүрүп, ЕВРО-5 экологиялык нормасына жооп бериш керек.

Жалпысынан Бишкек мэриясы 69 жаңы автобус алат, ар биринин баасы 72 миң долларды түзөт.

Автобустар бардык келишимдерге кол коюлгандан кийин 60-90 күндүн ичинде алып келинет.

Келечекте борбор калаадагы коомдук транспортту электроавтобуска которуу пландары бар, деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий