• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ар кайсы аймактардагы 10 мектепке атайын жабдуулар тапшырылды

Билим 0

Бишкек, 02.09.21./Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында “Мектептердеги окуу чөйрөсүн жакшыртуу” долбоорунун алкагында республиканын ар кайсы аймактарындагы 10 мектепке мектеп жабдууларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын мектептерине мектеп жабдууларын берүү менен окутуп-үйрөтүүнү жеңилдетүүгө көмөктөшүүнү көздөгөн бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, “Ала-Тоо өнүктүрүү борборунун” президенти Мохаммед Абделькарим, NAMA фондунун аткаруучу директору Мубарак Базиед, ошондой эле мектеп директорлору катышып, сөз сүйлөштү.

Н. Жусупбекова Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды өз башынан кечирип жаткан кезде өлкөнүн билим берүү тармагына жылдар бою колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө министрликтин атынан ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, NAMA эл аралык фонду Кыргызстандагы билим берүү процессине олуттуу колдоо көрсөтүп келет. Көрсөтүлгөн колдоо мектеп эмеректери түрүндөгү финансылык жардамды жана билим берүү программаларын камтыйт.

Бу жолу фонд өнөктөштөрү: “Ала-Тоо өнүктүрүү борбору” коомдук фонду жана «NICE Кыргызстан» эл аралык программаларды интеграциялоо борбору менен өнөктөштүктө өлкөнүн ар кайсы региондорундагы 10 мектепке ири сандагы мектеп жабдууларын берүү менен колдоо көрсөттү.

Атап айтканда:

• Ноутбук – 18 даана,

• Көп функциялуу принтер (МФУ) – 7 даана,

• Проектор – 22 даана,

• Смарт телевизор – 16 даана,

• Интерактивдүү доска – 26 даана,

• Түстүү принтер – 4 даана,

• Проектор үчүн экран – 2 даана,

• Стол үстүнө коюлуучу компьютер – 19 даана,

• Мектеп партасы – 205 комплект,

• Мугалимдин столу – 13 даана,

• Мугалимдин отургучу – 21 даана,

• Китеп тизчү шкаф – 1 даана.

Пикир

Оставить комментарий