• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Араб бизнесмени кыргыз жемиштери тууралуу: Мейиз мени абдан тамшантты

Коом 0

Эль-Кувейт, 22.02.19. /Кабар/. Кувейттин “Лулу” аттуу ири гипермаркетинде өткөн кыргыз азыктарынын көргөзмөсүнүн алкагында Араб бизнесмени Хассан Алганайе “Кабар” агенттиги менен кыргыз азыктары тууралуу өзүнүн көз карашы менен бөлүштү.

Ишкерди өзгөчө кыргыз мейизи тамшанткан.

Хассан Алганайенин айтуусунда, бул күнү ал көргөн нерселер аны абдан таң калтырган.

“Мындай көргөзмөгө чакыруу алгандыгыма абдан кубанычтамын. Мен чындыгында көргөнүмө кубанычтамын. Бул жерде мени ден соолукка пайдалуу азыктар өзгөчө кубандырды. Менин үйүмдө дайыма бул жерде тартууланган нерселердин болуусун каалайт элем. Кыргыз мейизи мени абдан тамшантты. Бул мейиз кайсы жүзүмдүн түрүнөн жасалгандыгын дароо айырмалап айта алам, анткени мен мейиздер тууралуу жакшы билем. Кыргыз мейизи абдан даамдуу жана ширелүү экен”, - деди ал.

Ошондой эле Хассан Алганайе жаңгактар абдан даамдуу экендигин айткан.

“Мен бул азыктарды биздин дүкөндөрдөн көргүм келет. Баалары боюнча биздикиндей эле экен. Бирок, биз сапаты жагынан төмөн азыктарга ошончо эле акча төлөп жатабыз”, - деди ишкер.

Андан тышкары бизнесмен жазында Кыргызстанга сапар тартууну пландап жаткандыгын билдирди. Ишкерди мейиз менен жаңгактан тышкары кыргыз балы кызыктырган. Ал көргөзмөдө тартууланган балдын баардыгын сатып алууну каалаган.

Эске сала кетсек, Кувейттин борборунда Silk road show: Kyrgyzstan-Kuwait иш чарасынын алкагында кыргыз-кувейт кызматташтыгына арналган жумалык өтүүдө. Жумалыктын алкагында бизнес жана маданий кызматташуу, туризм чөйрөсүндө өнөктөштүк түзүү боюнча иш-чаралар өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий