• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араб инвесторлорду Ош облусуна ири ишкана курууну сунуштады

Аймак 0

Бишкек, 16.12.21. /Кабар/. Дубайда "ЭКСПО-2020" жарманкесинин алкагында Кыргыз Республикасынын күндөрү өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган расмий делегация барды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган делегациянын курамында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов барган.

Аталган иш-чаранын алкагында Ош облусунун башчысы Араб ишкерлери менен жолукту. Араб инвесторлору тараптан, Ошто кургатылган жемиш таңгактоочу ишкана куруу үчүн кызыкдар инвесторлордон сунуш түшкөн. Анткени, Ош стратегиялык, экономикалык мааниге ээ аймак жана Араб өлкөлөрүндө Ош облусундагы "Алайку тоо балы" бренди менен жана Чоң-Алай ишкерлери сунуштаган балды чоң суроо-талап менен колдонуп келишет. Ошондой эле Араб инвесторлору тоо туризмине кызыгуусун билдирди.

Эскерте кетсек, Кара-Суу районунда ири логистикалык борбор куруу үчүн жер участогун трансформациялоо иштери аяктаганы калган. Ош облус башчысы Зиядин Жамалдинов ушул багытта иштер колго алына тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий