• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Араб өлкөлөрү Катар менен байланышты калыбына келтирүү үчүн 13 шарт коюшту

Дүйнө 0

Бишкек, 24-июнь /Кабар/. Төрт араб өлкөсү– Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты, Бахрейн жана Египет Катарга карата жарыяланган байкотту токтотуу үчүн бир катар шарттарды койду. Бул тууралуу «Аль-Жазира» телеканалы билдирди.

Алар Катардан “Мусулман агайындар” кыймылы, “Хезболла”, “Аль-Каида” жана “Ислам мамлекети” топтору менен байланыштарын токтотууну талап кылышууда.

Тизмедеги 13 талаптын ичинде “Аль-Жазира” медиатүйүнүн көрсөтүүнү токтотуу, Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн жабуу, Иран менен соода байланышты АКШ киргизген санкциялардын негизинде жүргүзүү, Катардагы түрк аскер базасын жабуу бар.

Бул талаптарды аткаруу үчүн Сауд Арабия, Египет, Бириккен Араб Эмираты жана Бахрейн Катарга 10 күндүк мөөнөт берди. Буга чейин Перс булуңундагы үч өлкө – Бахрейн, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираты, мындан тышкары Египет, Мальдива аралы, Йемен жана Ливия Катар менен дипломатиялык алакаларын токтоткон. Алар Доханы терроризмди колдоого жана араб өлкөлөрүндөгү туруктуулукка доо кетирүүгө айыпташкан.

Катардын Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөлөрдүн Катарга каршы күнөө тагуусу таптакыр негизсиз жана эл аралык мыйзамдарга каршы экендигин жарыялаган. ТИМ араздашкан араб өлкөлөрү Дохага үстөмдүк кылып, өлкөнүн суверенитеттүүлүгүнө доо кетирүүнү каалап жатышканын билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий