• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араб өлкөлөрү өз талаптары боюнча Катардан жооп алышты

Дүйнө 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмирлиги, Бахрейн жана Египет өз талаптары боюнча Катардан жооп алышты. Бул тууралуу аталган төрт өлкөнүн биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Анын үзүндүсүн "Аль-Арабия" телеканалы жарыялады.

Азырынча Катардын жообунун мазмуну жана Перси булуңундагы өлкөлөрдүн ага кандай жооп бере тургандыгы белгисиз.

Июндун башында Бахрейн, Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы жана Египет Катарды террорчуларды колдоого жана Иран менен кызматташууга айыптап, Доха менен дипломатиялык мамилелерин үзүшкөн.

Андан сырткары Катарга бир канча талап коюлган. Арасында Тегеран менен кызматташуусун кыскартуу жана «Аль-Жазира» телеканалынын берүүлөрүн токтотуу талаптары бар. Бул шарттарды аткаруу үчүн 10 күн берилип, кийин дагы эки күнгө узартылган. Катар бул талаптарды аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирген.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий