• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Араб жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу китеп жазды

Коом 0

Бишкек, 05.10.18. /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынан келген жазуучу залкар кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Айтматовдун ааламы” аталышындагы китеп жазды. Бул тууралуу Кинематография департаментинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Департаменттин директору Мукталы Бектеналиевдин айтымында, Сыдык Кыргызстанга III “Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары” эл аралык Ысык-Көл форумунун жумушуна катышуу үчүн келген.

Маалым болгондой, конок кечээ Роза Айтматова менен жолугушуп, ага араб тилиндеги китепти тапшырган. Жооп катары жазуучунун карындашы ага агасы тууралуу акыркы эмгегин белек кылган. Сыдык ал чыгарманы араб тилине которууга сөз берген.

Андан тышкары иш-чарага “Айтматовдун дүйнөсү. Айтматовсуз дүйнө” (режиссёр Бакыт Карагулов) даректүү тасмасынын тартуучу тобу да катышып, процессти эстеликке видеого тартып алышкан.

Пикир

Оставить комментарий