• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Аракеттерибиз өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга багытталышы керек – К.Боронов

Коом 0

Бишкек, 1-май /Кабар/. КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов республикада түзүлгөн кырдаалдарга байланыштуу кошумча милдеттерди коюу боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 1-майда КР өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрдүн жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун башчысы жетекчилерге жер көчкү коркунучу бар тилкелерден калкты көчүрүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешкен иштерди аткарууну тапшырды.

“Өзгөчө кырдаалдар боюнча уюштуруучулук иш-чараларды өз убагында чечүү керек. Бүгүнкү күнү туруксуз аба ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Биздин аракеттерибиз өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, ал эми мындай жагдайлар жаралган шартта алардын кесепеттерин өз убагында жоюуга багытталышы керек”, - деди К.Боронов.

Министр К.Боронов жетекчилерге өзгөчө кырдаалдар коркунучун алдын алууга, кесепеттерин жоюуга жогорку даярдыкта туруу иштерин улантууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий