• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Арал айылында 6 жашар кызды зордуктоого аракет кылган 28 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.20, /Кабар/. Арал айылында эркек киши жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылган. Окуя 15-апрелде болгон.

"Кабар" агенттигине Чүй облустук милициясынан кабарлашкандай, 15-апрелде болжол менен саат 10:41де облустук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө зордуктоо фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Жерине ыкчам топ барган. 28 жаштагы Н.А., аттуу жергиликтүү тургун айылдашына карата чара көрүүнү суранып милицияга арыз жазган. Арызда 14-апрелде болжол менен саат 14:00дө жакын жайгашкан сарайлардын биринде анын 2014-жылы туулган кызын зордуктоого аракет жасалгандыгы айтылган.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү такталган. Ал 28 жаштагы Ш.А., аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан. Шектүү жигит ошол эле күнү кармалып, Токмок шаардык ИИБсинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда ыкчам-тергөө чаралары такталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий