• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аралыктан окутуу. Билим берүү министрлигинин даярдыгы кандай?

Билим 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2019-2020 окуу жылынын төртүнчү чейрегинде окуучуларды аралыктан окутууга кандай даярдыктар көрүлүп жатканы тууралуу айтып берди.

Ал, өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жана айрым шаар-райондордо өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу окуучуларды аралыктан окутуу чечими кабыл алынганын билдирди. Ал белгилегендей, аралыктан окутуу 8-апрелден башталат.

Анын айтымында 1-11-класстын окуучулары үчүн видеосабактарды даярдоо үчүн 210 мугалим тандалып алып, учурда ал сабактар дээрлик тартылып, монтаждалып жатат.

"Ал сабактар КТРКнын Баластан каналынан (1-4-класстар үчүн), ЭлТРдин Илим жана билим каналынан, Пирамида жана 5-каналдан, Санат ТВ каналынан (5-11-класстар үчүн) түз эфирде көрсөтүлөт. Ар бир сабак 20 мүнөткө созулат", - деди ал.

Аны менен бирге ал белгилегендей, www.oku.edu.gov.kg порталы ишке берилип, ага 400дөн ашык электрондук окуу китептер киргизилди.

"Кошумча адабияттар, видеосабактар, тапшырмалар, өнүктүрүүчү оюндар "Кыргызстандын билим берүү ресурстары" Youtube каналына дагы жүктөлөт", - деди ал.

Аны менен бирге министр балдар видеосабактарды көрүп эле тим болбостон, сабактар интерактивдүү, кайтарым байланыш болушу үчүн Telegram, WhatsApp, Zoom, Google classroom платформалары колдонуларын айтып өттү.

"Балдардын алган билимдерин өз алдынча баалоо системасын жолго койдук. Министрликтин алдындагы көз карандысыз тестирлөө борбору 4-11-класстар үчүн атайын тесттерди иштеп чыкты", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий