• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Аралыкты сактабай, кезек күткөн адамдар. Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун биринен тартылган сүрөт

Коом 0

Бишкек, 21.05.20 /Кабар/. Бүгүн, 21-майда социалдык тармактарда Каттоо кызматынын Калкты тейлөө борборлорунун биринде узун кезекте турган адамдардын сүрөтү тарады.

Сүрөттөр 12-кичирайонундагы жана Жаш-Гвардия-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Калкты тейлөө борборлорунда тартылган. Кезек күтүп турган адамдар санитардык эрежелерди жана 1,5-2 метрлик аралыкты сактабагандыгын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-майда 3-этап менен бир катар тармактар өз ишин жанданткан. Анын ичинде Калкты тейлөө борборлору дагы бар.

Пикир

Оставить комментарий