• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Арашан айылында мас айдоочу катуу ылдамдыкта блокпосттогу бетон тосмону сүздү (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 28.04.20. /Кабар/. Бүгүн 28-апрель күнү болжол менен саат 20:10до Аламүдүн районунун (Чүй облусу) Арашан айылында элдик кошуундар турган блокпостто жол кырсыгы болду.

Окуянын күбөлөрү билдиргендей, "Фольксваген пассат" унаасын айдаган айдоочу блокпосттогу бетон тосмону сүзгөн.

"Айдоочу катуу ылдамдыкта келе жатып, блокпосттогу бетон тосмону сүздү. Ал ошол жерде турган элдик кошуундун эки жигитин сүзүп ала сактады. Алар араң качып кетти. Унаада айдоочу менен бир жүргүнчү бар экен. Айдоочу мас болгон", - деди окуянын күбөсү.

Окуя жерине жол кайгуул кызматы чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий