• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Арашан айылында жол тандабас жөө адамды сүзүп, ал каза болду

Коом 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. 16-февраль күнү саат 23:00дө Арашан айылынын Аламүдүн көчөсүндө жол тандабас адамды сүзүп, алган жаракатынан улам жөө адам каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Toyota Land Cruiser" унаасын айдаган А.Т. уулу жаран 25-30 жаштагы адамды сүзүп алган. Алган жаракатынан улам жөө адам окуя жеринде жан берген.

Бул окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий