• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Арашандагы блокпосто ок аткан жарандар аныкталды. Бирөө ооруканада – Чүй облустук милициясы

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Аламүдүн районунун (Чүй облусу) Арашан айылындагы блокпосто ок аткан жарандар аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милициядан белгилешкендей, аталган окуяга шектүүлөрдүн айрымдарынын өздүгүн аныкталган. Алар – 41 жаштагы А.Х., 36 жаштагы А.Б. жана А.А.

"Тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн алар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Калган катышуучулардын өздүгү такталууда. Алдын ала маалымат боюнча алар ок аткан курал старттык тапанча (спорттук белги берүүчү тапанча) болгон. Экспертиза жүргүзүү үчүн ал тергөө органдарына өткөрүлүп берилди. Аталган окуянын катышуучуларынын бири денесинен алган жаракаттарынан улам Чүй облусундагы ооруканалардын бирине жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Сотко чейин тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 18-апрель күнү квадроцикл айдаган бир нече адам Арашан айылында жергиликтүү тургундардан турган элдик кошуундар уюштурган блокпосттон өтүүгө аракет кылып, ортодо чыр чыккан. Белгисиз адамдар постто тургандарды коркутуп асманга ок атып, окуя жеринен качып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий