• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араван райондук билим берүү бөлүмүндө 3,2 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды – КР ЭП

Укук тартиби 0

Бишкек, 26-апрель /Кабар/. КР Эсеп палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүгү тарабынан Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылдагы бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануусунун аудитинин жыйынтыгында 3,2 млн сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен акча каражаттарынын жетишсиздиги 1,2 млн сомду, эмгек акыларын негизсиз төлөө – 1,5 млн сомду, жашырылган дебитордук карыз - 297,5 миң сомду, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 146,5 миң сомду, атайын каражаттарды казна тутумунан тышкары пайдалануу – 36,5 миң сомду түздү.

Аудит аркылуу бюджеттин 10 млн сомдук резервдери жана жоготуулары аныкталган. Алардын ичинен электр энергиясын чектен ашык пайдалануу – 147,0 миң сом, ашыкча каржылоо – 4,8 млн сом, эмгек акыларын төлөөдө бузуулар – 5,1 млн сом.

Эсеп палатасы аудиттин материалдарын укук коргоо органдарына юридикалык баа берүүгө жөнөтөт.

Пикир

Оставить комментарий