• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араван райондук милициясы коронавирустун жайылуусун алдын алуу жана коопсуздук чараларын күчөтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери коронавирустун жайылуусун алдын алуу жана коопсуздук чараларын күчөтүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун аймагында 3 санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө.

Андан тышкары, 10 фильтрациалык пост уюшулган. Бардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар, медициналык беткаптар, атайын кийимдер жана көз айнектер менен камсыздалган. Ошондой эле, райондогу 38 айыл аймагынын ар биринде жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча посттор орнотулду.

Араван РИИБинде, Ички иштер министрлигинин буюрмасынын негизинде аймактагы кырдаал жөнүндө маалыматтарды чогултуу менен жалпылоого маалымат-талдоо топтору түзүлгөн. Милиция кызматкерлери тарабынан обсервацияык пункт кайтарууга алынган.

“Мындан сырткары, Санитардык-эпидемиологиялык кызматы ӨКМнын кызматкерлери менен биргеликте ар бир айыл аймактардын көчөлөрүн дезинфекциялоодо. Ички иштер органдарынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, жарандардын зарыл учурда гана көчөлөргө чыгышы, топтошуп чогулбоосу, бири-бирине болгон аралыкты сактоосу, беткапсыз көчөгө чыкпоосу сунушталууда.

Өзгөчө абал режими убагында, жашоо-тиричиликке зарыл болбогон ишкана-мекемелер жабылып, азыркы учурда азык-түлүк дүкөндөрү, дарыканалар, банк мекемелери гана иштөөдө. Коронавирус жугуштуу илдетин алдын алууга жана жайылышын токтотууда бардык мамлекеттик мекемелер, укук коргоо органдары, саламаттык сактоо мекемелери тарабынан зарыл болгон бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий