• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Араван районунда 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Аймак 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Араван районунун Чек-Абад айыл өкмөтүндө тигүү цехи ачылып, 50 жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Аталган тигүү цехинде чыгарылган продукция Россия Федерациясына экспорттолот.

Мындан сырткары, Чек-Абад айыл өкмөтүнүн борборундагы “Жеңиш” эс алуу багы реконструкциядан өткөрүлүп пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий