• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араван районунда Aravan Sity турак жай комплексинин курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 03.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрда Ош облусунун Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө Aravan Sity турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул туралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, турак жай комплексинин курулушуна капсула салуу аземине КР президентинин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундары катышты.

Aravan Sity турак жай комплекси КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы, ыйгарым укуктуу өкүл Зиядин Жамалдиновдун демилгеси менен инвестор жана Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен курулат.

"Жалпы 5 гектар аянтка 1200 батирге ылайыкташкан 9 кабаттан турган 8 көп кабаттуу үй, бала бакча, мектеп, спорт зал сыяктуу социалдык объектилер камтылып, таза суу, жылуулук системасы, жаратылыш газы менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, долбоордун алгачкы этабы 2 жылда бүткөрүлүп, батир алууну каалаган жарандарга бөлүп төлөө шарты каралган. Ал эми мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык негизде берүү маселеси каралууда.

Пикир

Оставить комментарий