• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Араван районунда экспорт үчүн картошка эгиле баштады

Аймак 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Араван районунда экспорт үчүн картошка эгиле баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирет.

Облус башчысы Жарасул Абдураимов Араван районуна иш сапар менен барып, жазгы талаа иштери, айыл чарба азыктарын өндүрүү жана экспорттоо тууралуу жеринен маалымат алды.

Өкүл Тепе-Коргон айыл аймагындагы жеке ишкер Каныбек Бекмурзаевдин "Зыябидин Ата" айыл чарба комплексине барып, 12 гектар аймакта жайгашкан көлөмдүү, заманбап күнөскананын иши менен таанышты. Күнөсканада учурда 24 адам эмгектенип, Ош жана Бишкек шаарларынын дүкөн, базарлары үчүн помидор, капуста, бадыраң, көк чөптөр өстүрүлөт. Күнөскана октябрдан апрель айына чейин иштейт.

Жарасул Абдураимов өз колу менен картошка эгүү ишин баштап берди. Картошка Россиянын аймагына экспорттолот.

Өткөн жылы жалпы Араван району пандемиялык кырдаалга карабай, Россияга 150 тонна басай капустасын экспорттогон.

Пикир

Оставить комментарий