• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араван районунда ирригациялык долбоор пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрелде КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Араван районунда ирригация тармагын өнүктүрүүдө аткарылып жаткан жумуштар менен жеринде таанышып келди.

Өкүлчүлүктөн билдиргендей, Араван-Сай дарыясынын Данги участогунда бир нече долбоорду пландоо иштери жүрүп жатат. Бул долбоордо башкы суу алуучу курулма куруу менен дарыянын сол жээгине суу жеткирүүчү канал (подводящий) куруу, сезондук башкарып-көзөмөлдөнүүчү көлмө (БСР) жана Араван районунун негизги каналдарына жеткирүүчү (подпитывающий) канал куруу тиешелуү адистердин сунуштарын эске алуу менен пландалууда.

Ош облус башчысы бул долбоорду пландоодо сууну чогултуу жана электр энергиясын өндүрүү максатында чакан ГЭС куруу боюнча кошумча иш алып баруусун тиешелүү адистерге тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий