• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Араван районунда «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» иш-чарасы өттү

Аймак 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-майда Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» аталышындагы иш-чара өттү.. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев жана башка коноктор катышып, 300 жетим балага баалуу белектер тапшырылып, сый тамак жана концерттик программа тартууланды.

Кайрымдуулук иш-чара КР арезидентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий