• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араван районунда жаңы тигүүчү ишкананын, мектеп жана бала бакчанын курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Араван районунда жаңы тигүүчү ишкананын, мектеп жана бала бакчанын курулушу жүрүүдө.

Жаңы-Араван айылында "Аль-Шая Ко" компаниясы 350 миң долларга жаңы тигүүчү ишкана куруп жатат. Анын курулушу аяктагандан кийин 250 иш оруну түзүлөт.

Ошондой эле С. Юсупов айылында 60 орунга эсептелген бала бакчанын курулушу жүрүүдө. Анын сметалык баасы 20 млн 700 миң сомду түзөт.

Алай районунун Кум-Шоро айылында да 30 орунга эсептелген бала бакча курулууда.

Андан тышкары мындан мурдараак айтылгандай, Араван районунун Чек-Абад айылында Сауд Арабиянын өнүктүрүү фондунун эсебинен 988 миң долларга заманбап мектеп салынууда.

Пикир

Оставить комментарий