• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Араван районундагы мектептин курулуш иштери 55%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Ош облусундагы Араван районунун Кочубаева айылындагы А.Тургунов атындагы №23 мектептин курулуш-монтаждоо жумуштары бекитилген графигине ылайык жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, объекттин курулуш иштери 55%га аткарылды.

"Бүгүнкү күндө жер иштери жана кураштыруу пайдубалы 100%га бүткөрүлдү. Учурда экинчи кабаттын кирпичтерин коюу бүтүүдө жана күчөтүү, монолиттик колонналардын бетондоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 225 орундуу мектептин курулуш иштери жаңы жылга карата бүткөрүлүшү мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий