• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араван районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 07.05.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, Араван районунун акими Курбанбек Айтибаев, райондук мекемелердин кызматкерлери менен биргеликте Араван районундагы согуш ардагерлери Каим Ысмаилов жана Махамаджан Исмаилов аксакалдан кабар алып, 70 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык жана белектерди тапшырышты.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 15 миң сом акчалай жана азык-түлүк баштыкча тапшырылды. Араван райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 10 миң сом жана райондук мекеме ишканалардын атынан белектер берилди.

Маалымат үчүн: Ош облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун 11, оруктун 179 ардагери бар.

Пикир

Оставить комментарий