• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды

Коом 0

Бишкек, 20.06.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунун Төө-Моюн айылында түшүм жыйноо башталды, - деп билдирет облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов иш сапары менен Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнө барды. Облус башчысы дыйкандар менен жолугуп, сугат суу жана экспортко чыгаруу маселеси боюнча сүйлөшүштү.

“Негизинен дыйканчылык менен алек болушкандыктан суунун канчалык деӊгээлде зарылдыгын түшүнөм. Араван районунун потенциалы абдан чон, жылына эки жолу түшүм алган бул райондо жашылча-жемиштердин түрлөрүн, мөмө-жемиштерди, айрыкча, кайнолу бактарды көбөйтүп, Россияга эскпорттоого мүмкүнчүлүк бар, ошого баарыбыз чогуу аракет кылышыбыз керек”, - деди Жарасул Абдураимов

Белгилей кетсек, Төө-Моюн өлкөдө эң алгач түшүм алган айыл катары белгилүү. Аталган айылда жалпы 10 миң гектар айдоо аянты бар. Төө-Моюнда гилас, шабдаалы, кайналы, дарбыз, коон, буудай өстүрүлөт.

Сугат суу Ноокат районундагы “Найман” суу сактагы аркылуу жана 10го жакын скважиналар аркылуу камсыз кылынат. Төө-Моюн айыл өкмөтүндө сугат суу тартыштыгы көйгөйү жок, учурда түшүм жыйноо жумуштары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий