• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араванда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 кг гашиш табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда 9-февралда 42 жаштагы жарандын үйүнөн 1 кг гашиш табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Араван райондук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде Чек-Абад айыл аймагынын 42 жаштагы А.Ш. аттуу тургунунун үйүнөн салмагы 1,060 кг болгон өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.

Алынган затка соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда окуя боюнча Жазык кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө башталды.

Кылмышка шектүү Араван райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий