• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Араванда айдоочу жолдо бара жаткан кызды койдуруп кетти – видео

Кырсык 0


Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Араван районунда айдоочу жолдо бара жаткан кызды койдуруп кетти. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ Ош облусунун Араван райондук милициясынын нөөмөт бөлүмчөсүнө маалымат келип түшкөн. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 11:30дар чамасында Араван районуна караштуу С.Юсупов айыл аймагынын М. Султанов көчөсүндө жол кырсыгы катталгандыгы кабарланган.

Белгисиз жаран "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү автоунаасы менен түндүктөн түштүктү көздөй карама-каршы жолдо бара жатып, жолдун чыгыш тарабынын четинде токтоп турган “Хюндай Портер” унаасынын алды тарабынан койдуруп алган.

"Кырсыктын натыйжасында Пахта-Абад айылынын П. кызы Ж. аттуу 26 жаштагы тургуну эки унаанын ортосунда калган. Жабыркаган кыз денесинен жараат алып, Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген", - деп айтылат маалыматта.

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий