• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араванда аз камсыз болгон 50 үй-бүлө 100 миң сомдон алды

Аймак 0

Бишкек, 08.09.22. /Кабар/. Кечээ, 7-сентябрда Ош облусунун Араван районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлө чакан бизнес баштоо үчүн 100 миң сомго сертификаттарды алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тандалган үй-бүлөлөргө акчалай сертификаттарды министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева тапшырды.

Араван районунун "социалдык контрактынын" катышуучулары алынган каражаттарды мал чарбачылыгы, кол өнөрчүлүк, азык-түлүк дүкөндөрүн, сулуулук салонун жана күнөсканаларды ачуу сыяктуу багыттарда бизнести баштоого пайдаланууга ниеттенүүдө.

"Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруунун алкагында республикалык бюджеттен 292 млн сом бөлүнүп, өлкө боюнча 2800 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет. Каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чакан бизнес ачууга каралган.

Белгилей кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку кайтарымсыз каражаттарды берүү президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашууда.

Пикир

Оставить комментарий