• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Араванда үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван райондук милициясы жергиликтүү калкка кылмыштуулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 31-мартта Араван милициясынын көчмө кабылдамасы Алля Анаров айыл аймагынын тургундарына кылмыштуулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жарандардын ар кандай маселелерин камтыган арыз-даттануулары кабыл алды.

Арыз-даттануулар көчмө кабылдаманын каттоо журналына жазылды.

Аталган айыл аймагынын тургундары жолдорду оңдоп-түзөөнү жана такси кызматына унаа токтотуучу жай түзүп берүүнү, айылдарга бала бакчаларды салып берүүнү суранышты. Таза суу маселеси жана эң көйгөйлүү турак жай куруу үчүн жер тилке маселелери айтылды. Тургундардын көйгөйлөрүн чечүү үчүн тийиштүү мекемелерге каттар жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий