Араванда ишкерден түрмөгө деп акча талап кылган жаран кармалды

Коом 0

Бишкек. 19.03.19 /Кабар/. Араван районундагы автобекетте ишкерден түрмөгө деп акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милиция билдирди.

17-март күнү милиция 65 жаштагы Аравандын тургуну кайрылып, бейтааныш адамдар акча талап кылганын айткан. Алар ишкерди коркутуп, түрмөгө 20 миң сом бересиң деп бир нече жолу урган.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы кылмышка шектүү жабырлануучудан 5000 сом алып жаткан учурда кармалган.

Милиция ушундай жагдайда опузалап коркутууларга дуушар болгон жарандарды жана ишкерлерди ИИМдин жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий