• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Аравандын тургуну аялы уруксатсыз эшикке чыккан үчүн сабап, түрмөгө түштү

Аймак 0

Бишкек, 15.04.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван райондук соту 62 жаштагы Нурбек аттуу (аты өзгөртүлдү Ю.Б.) жарандын кылмыш ишин карап чыгып, өкүм чыгарды.

Тергөө аныктаганы боюнча, 5-февраль күнү болжол менен саат 21:30да ал үйүндө мас абалында болуп, 61 жаштагы Гүлмайрам (аты өзгөртүлдү Ю.Г.Б.) аттуу жубайын сабап салган. Анда жубайы катуу жаракат алган.

Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, ал күнү мас болгонун айткан.

"Аялым эшикке уруксатсыз чыкканын көрүп, сабадым. Ага кол көтөрүп, канча ирет урганымды билбейм. Ал эсин жоготкондо гана өзүмө келдим. Андан кийин келин келип, мени ажыратып калды. Аялым 20 күн ооруканада дарыланды. Күнөөнү моюнума алам жана кечирим сурайм", - деген Нурбек.

Ошондой эле, жабырлануучу Гүлмайрам ал күнү күйөөсү өтө мас болгонун ырастаган.

"Таяк жегенден кашым жарылып, көздөрүм канталап, баш мээм шайкалган. Ооруканадан гана өзүмө келгем. Азыр жакшы болуп калдым. Күйөөмдү кечиргем", - деген ал.

Сот айыпталуучуну КРнын Жазык Кодексинин 138-беренеси ("Ден-соолукка катуу залал келтирүү") боюнча күнөөлү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий