• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араванда мечит эмес, намазкана күйгөн – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.18. /Кабар/. Ош облусунун Араван районундагы Манас айылында мечит эмес, намазкана өрттөнгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-августта болжол менен саат 7:12лер чамасында Манас айылындагы навайкана жана намазкана өрттөнүп жаткандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 4 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

“Өрткө келген убакытта навайкананын ичинен эки адамдын сөөгү табылган, алар навайканада жумушчу болуп иштешкен Ош облусунун Араван районун Керме-Тоо айыл аймагынын караштуу Жеңиш айылынынын тургундары 1982-жыл туулган О.Г. аттуу аял жана анын баласы 2008-жылы туулган Р.Д. аттуу бала болгон”, - деп билдиришти ӨКМден.

Өрттөн навайкана, намазкана жана курулуш материал сатуучу дүкөндөр толугу менен күйүп кеткен.

Саат 09:28де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн жалпы аянты 100 чарчы метрди түздү.

Өрттүн келип чыгуу себеби: газ, керосин, бензин менен иштөөчү тиричилик буюмдарын жана башка түзүлүштөрүн пайдаланууда өрт коопсуздугунун эрежесинин бузулушу.

Ал ортодо муфтияттан билдиришкендей, Ош облусунун Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Манас айылындагы күйүп кеткен намазкана расмий каттоодон өткөн эмес жана ага Ош облустук казыяты тарабынан эч кандай имам дайындалган эмес.

Пикир

Оставить комментарий