• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Араванда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.05.20. /Кабар/. Араван районунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, бүгүн, 21-майда Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Курбанбек Айтибаевдин жетекчилигинде райондук ички иште бөлүмүнүн башчысы С.Исмаилов, айыл аймактын башчылары С.Юсупова жана А.Анаров, СЭС кызматкерлери жана башка кызматтын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагында соода кылган дүкөндөрдө, автобекеттерде, базарларда эл көп жүргөн жерлерде санитардык талаптардын сактоолуусун ошондой эле бүгүнкү кырдаалда көчөгө чыгуу режиминин азайтып туруу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле ишкана мекемелерди текшерүү иш-чаралары СЭС кызматы менен РИИБдин кызматкерлери тарабынан күчөтүлдү.

Андан сырткары, жарандардын чогулуусуна бөгөт коюу максатында учурдагы карантиндик кырдаалга терс таасирин тийгизүүчү, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган обьектилерди (чайкана, ашкана, спорт аянтчалары, мончо, кийим кече сатуучу жайлар) көзөмөлгө алуу менен текшерүү жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий