• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Араванда мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.21. /Кабар/. Араван районунда мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош облустук экология кызматы, Араван райондук салык кызматы жана РЭС жетекчилери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда райондун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караган жайытта жарандар тарабынан мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды.

Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан 8 от казан курулуп, тиешелүү кызматтардан эч кандай уруксат кагаз албай, көп жылдан бери мыйзамсыз түрдө акиташ чыгарып келишкен. Анын натыйжасында экологияга чоң зыян келтирилип, аталган жайга чоң көлөмдөгү таштанды топтолуп калган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар 1-декабрь күнү ишмердүүлүгүн токтотууга милдеттендирилди. Ошондой эле экологияга келтирилген зыяны аныкталып, айып пул салынат. Мындан сырткары буга чейин топтолуп калган таштандыны тазалоо тапшырмасы берилди.

Аталган жайда иштеп жаткан жергиликтүү тургундарга долбоор иштеп чыгып, тийиштүү уруксат кагаздарын алып, мыйзамдүү түрдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий