• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араванда цемент заводун курууга миңден ашык жаран тартылган

Аймак 0

Ош, 13-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Араван районундагы жаңы салынып жаткан цемент заводунун курулуш иштери менен таанышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алля Анаров айыл башкармалыгындагы Шор-Булак аймагында ушул жылдын март айынан бери жаңы цемент заводунун курулуш иштери жүрүп жатат. Анын сметалык баасы 88 млн долларды түзөт. Аталган цемент заводун «ЮгЦ» фирмасы 49 жылга 39,79 га аянты менен ижарага алган. Курулуш иштери менен таанышуу учурунда Сарыбашов инвесторлорду жергиликтүү бийлик тарабынан бардык колдоо көрсөтүлөөрүнө ишендирди.

Жаңы цемент заводун курууга 1000ден ашык жаран ишке тартылып, эксплуатация учурунда туруктуу иш менен 250 адам камсыздалат. Ал эми ишкана бир суткада 2500 тонна цемент, бир жылда миллион тонна цемент өндүрүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий