• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Араванда радикализм, экстремизмдин алдын алууга багытталган жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында медресе студенттери жана айыл өкмөттүн имамдары менен биргеликте улуттар аралык мамиле жана радикализмдин, экстремизмдин алдын алууга багытталган жыйын өттү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов, райондук этностор аралык агенттиктин жетекчиси Мурадил Тохтасинов жана укук коргоо органдары катышты.

Баш имам хатиб туура эмес диний агымдардын алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын айтып, улуттар аралык мамилени бекемдөөдө жакшы кулк-мүнөздүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Пикир

Оставить комментарий