• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Араванда өз ара пикир келишпестиктен күйөөсү аялын бычак менен сайып өлтүргөн

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Ош облусунун Араван районунда өз ара пикир келишпестиктен күйөөсү аялын бычак менен сайып өлтүргөн. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-февралында Араван районунун Уйгур-Абад айылынын тургуну 1986-жылы туулган М.Г., аттуу аял өзүнүн үйүндө бийиктиктен түшүп кетип каза болгндугу туралуу кабар келип түшкөн.

Араван РИИБнин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Натыйжада маркум аял киши колдуу болуп каза болгондугу аныкталган.

“1-февраль күнү саат 18:30 чамасында маркум менен 1983-жылкы М.Т., аттуу күйөөсүнүн ортосунда өз ара пикир келишпестик болуп, күйөөсү аялын бычак менен ичинин сол тарабына бир жолу сайып жиберген. Натыйжада М.Г., аттуу аял жеринде каза болгон”, - деп билдиришти милициядан.

Маркумдун алган жаратынын даражасын аныктоо максатында, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий