• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Араванда заманбап төрөт үйү курулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Жарасул Абдураимов облус боюнча коронавирус жана пневмония оорусун жуктургандардын саны жогору болуп жаткан Араван районуна барып, ооруканадагы абал менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Саламаттыкты сактоо координаторунун айтымында, бир-эки күндөн бери оорунун жаңыдан катталган учурлары бир аз азайган. Башкысы, имараттарда жылуулук, жарык үзгүлтүксүз берилүүдө.

"Бирок кычкылтек үчүн баллондорду толтурууда көйгөй бар. Облус башчысы көйгөйдү чечүү үчүн ар бир райондо кычкылтек толтуруу борборлорун ачуу боюнча каражат изделип жаткандыгын жана зарылдыгын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Өкүл андан кийин инвесторлор тарабынан курулуш иштери аяктап калган оорукананын жаңы имаратын көрдү.

Кувейттик "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмеси тарабынан аймактык ооруканасынын аймагында 100 млн сомго бааланган жаңы эки кабаттуу төрөт бөлүмүнүн имаратын куруу иштери 2019-жылдын май айында башталып, 2020-жылдын декабрь айына бүтүрүү пландалган.

Төрөт үйү 38 орундуу болуп, операция залы, айына жетпей төрөлгөн ымыркайларды жандандыруу залдарынан турат. Бул төрөт үйүнүн бөлмөлөрүнө керектүү эмеректер жана медициналык жабдыктардын баары аталган коомдук бирикмеси тарабынан каржыланат.

Пикир

Оставить комментарий