• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Араванда жаңы бала бакча ишке берилди

Аймак 0

Ош, 11-июль /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Алайдагы Араван районуна караштуу Жаңы-Араван айылында 60 балага ылайыкташкан бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облУсундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, бала бакчаны ачуу аземине өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев катышып, балдар аталган бала бакчадан татыктуу тарбия алышына тилектештигин билдирип, түстүү телевизор белек кылды.

Бала бакчанын курулуш иштери 2015-жылдын апрель айында башталган. Анын сметалык баасы 8 млн 172 миң сомду түзгөн. Мекеменин ичинде керектүү бардык эмеректер, техника бар. Ал эми кыш мезгилинде бала бакча атайын салынган от казандын жардамы менен ысытылат.

Пикир

Оставить комментарий