• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Араванда жаңы Калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 25.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 25-январда, Ош облусунун Араван районунда Калкты тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, Инфаком мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

Калкты тейлөө борборунун жалпы аянты 265 чарчы метрди түзүп, жаңы эмерек жана жаңы жабдыктар менен жабдылган. Аталган мекемеде паспорттоштуруу, жарандык абалдын актыларын каттоо жана документ алууга керектүү кызматтар ( касса, нотариус, даректик кызмат бюросу, сүрөт, ж.б) жайгаштырылды.

Маалымат үчүн: Араван районунда 110 миңден ашуун калк бар. Буга чейин паспорттоштуруу жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү эки башка имараттарда жайгашып, кайрылган жарандарга кыйынчылыктар жаралып келген. Жаңы ачылган Калкты тейлөө борбору күнүнө 400-500 жаранды кабыл алууга ыңгайлашкан.

Пикир

Оставить комментарий